www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК саясий күчтөргө курал болуп бербейт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жеке саясий жана башка күчтөргө кызмат кылбайт жана ошондой эле айрым топтордун өзүмчүл максаттарына жетүү үчүн саясий курал болуп бербейт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, УКМКнын негизги максаты — элдин жыргалчылыгы жана Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн кызмат кылуу.

Ошондой эле күч структуралары жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары экендигин эске салат. Абалды көзөмөлдөө үчүн күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күчтөрү, каражаттары жетиштүү.

УКМК кызматкерлери Президенттикке талапкерлердин бирине байланыштуу маанилүү билдирүү жасаганы  жатат деген социалдык тармактарда жайылтылган маалыматтар жалган.

УКМК мыйзамдарынын чегинде чагымчыл жана ушул сыяктуу мүнөздөгү башка билдирүүлөрдү тараткандар боюча жоопкерчилик каралгандыгын эскертет.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости