www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК органы тарабынан улантылып жаткан котртеррористтик иш- чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынан Сирия аймагындагы куралдуу чыр-чатактар зонасына жалданмачыларды жөнөтүү каналы аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду.
2020-жылдын 20-октябрында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаранын тергөө амалдарынын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-395-беренесинде каралган (Жалданмачылыкка аракет кылуу) кылмыш белгилери боюнча КР жараны М.М. кармалды Такталгандай, кармалган М.М. мурда жихадисттик идеологияга тартылып, транзиттик жол менен Кыргыз Республикасынан Сирияга эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулууга жөнөтүлгөн.
Өз учурунда көрсөтүлгөн иш-чаранын натыйжасында, жалданмачы адам Сирияга бараткан жолдо кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайынын киргизилген. Азыркы учурда жалдоого жана которуу каналына катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
Булак: NazarNews.kg