www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асанов жана Асылбек Кожобековдордун билдирүүсүндө быйыл сегиз айда соцтармактарда экстремисттик мазмундагы беш аккаунт жана сегиз медиаканал бөгөттөлгөн. 

Анын айтымында, "Биз соцтармактардагы экстремисттик мазмундагы сайттарды же аккаунттарды экспертизадан өткөзүп аныктап жатабыз. Баардык материалдарды Башкыпрокуратурага жөнөтөбүз. Алар өз кезегинде ишти сотко жөнөтөт, ал эми сайттарды жабуу чечимин сот гана чыгарат. Биз сайттарды жабабыз, бирок алардын ээсин табуу оор."

Соттун чечими менен Кыргызстанда экстремисттик мазмундагы 16 сайт жабылган. Жалпысы менен мындай сайттардын 51 аныкталган деп, ИИМдин орун басары Курсан Асанов кошумчалады.

УКМКнын маалыматына караганда, экстремизмге үгүттөө боюнча 117 жаран аныкталып, анын 34үнүн аракеттерине бөгөт коюлган. Буга чейин 37 чет элдик жаран үгүт жүргүзгөнү үчүн депортацияланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости