www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кызмат" мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук калкты тейлөө борборунун башкы адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тактап айтканда, П.Б.М. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен жарандардан системалуу түрдө акча алгандыгы аныкталган. Аталган кызматкер 21 000 сом суммасындагы акча каражаттарын электрондук капчык аркылуу кайтаруу учурунда кармалган. Учурда П.Б.М. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Кыргыз Республикасынын жарандыгы чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен гана мыйзамда белгиленген мамлекеттик алымдардан тышкары акысыз негизде берилерин белгилей кетүү керек.Учурда кармалган адамдын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынын ушул сыяктуу башка фактыларын аныктоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө.