www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 30-декабрь күнү УКМКнын Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасынын негизинде, Талас шаарынын тургуну 5 баланы жалгыз өзү тарбиялап келе жаткан Керимбаева Толгонай Таласбаевнага (маркум УКМКнын подполковниги Б.М.О. жубайы) жардам иретинде материалдык көмөк көрсөтүлдү.

Андан сырткары, Т.Керимбаевага жана анын балдарына Жаңы жыл майрамына карата белектер берилип, патриоттук сезимде тарбиялоо максатында, маркум УКМКнын кызматкерлери ардайым эсте жана алардын жакындары өзгөчө мамилеге ээ экенин билдирип, Талас облусу боюнча  УКМКнын имараттында жыйын өткөрүлдү.

Белгилеп кетсек, 2023 жылы, Т.Керимабаеванын генерал-полковник К.К.Ташиевге кайрылуусу канаттандырылып, Талас шаарынан 3-бөлмөлүү батир Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан кезексиз бөлүнүп берилген. Жашы жете элек 4 балдарына ай сайын УКМКдан пенсия төлөнүп келет.

 

Последние новости