www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө жалпы баасы 7 млн 815 миң сомдук жер тилкелер мамлекетке өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан, 2008-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө жалпы 8,0 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө өтүп кеткендиги аныкталган.
Текшерүүнүн натыйжасында, райондун прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде, баасы 7 млн 815 миң сомду түзгөн айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.
Прокуратура органдары мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо жана жер ресурстарынын мыйзам чегинде пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү багытындагы иштерди улантууда.