www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Макулдашууларга карабастан, тажик аскерлери чек аранын периметри боюнча чек ара заставаларына кол салуу менен гана эмес, мектептер сыяктуу социалдык объектилерди да талкалап жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Улутчул ураандарды кыйкырып, Кыргыз Республикасынын чек арачыларына акарат келтирип, каза болгондордун сөөктөрүн шылдыңдап, андан ары пропагандалык максатта пайдалануу үчүн керектүү бурчтан фото жана видеого тартып жатышат», - деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары ок атышууну токтотууну макулдашкан.
Ошондой эле эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашкан.
Булак: NazarNews.kg