www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажик тарап Кыргызстандын аймагына өзү кирип, кол салганы менен фактыларды бурмалап, биздин өлкөнү агрессор көрсөтүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, тажик аскерлери Кыргызстандын курман болгон чек арачыларынын сөөгүн кордоп, аларды өз кызыкчылыгына колдонуу максатында сүрөт, видеого тартып жатат.
"Тажик тарап биздин мамлекетке каршы саясатынын алкагында фактыларды бурмалап, Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүүгө аракет кылуу үчүн бул сүрөт, видеолорду өздөрүнө ыңгайлуу өңүттө колдонушу ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда, саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.
Тажикстандын аткылоосунан 59 кыргызстандык жарадар болгон. Ошондой эле 15 жаштагы кыз тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип каза болду.
Маалыматка ылайык, тажик тарап ок атышпоо келишимин бузуп, Лейлек жана Баткен районунудагы айылдарды аткылоону улантууда.
Ошондой эле эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашкан.
Булак: NazarNews.kg