www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 7-май саат 22.30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу экендигин маалымдады.

Белгилүү болгондой, бүгүн Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-1 жерлигинин тушунда тажик тарап чек ара кезметин коюуга аракет кылган. Кыргыз чек арачыларынын мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында чек ара кезметин алуу талабын тажик тарап ошол эле замат аткарган.

Мындан сырткары, УКМКнын Чек ара кызматы "тажик тараптан кулпунай контрабандалык жол менен өткөрүлүүдө" делген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

"Бүгүн Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылына жакын жерден Тажикстандын жараны 10 килограмм кулпунай сатууга аракет кылган, бирок Тажикстандын чек арачылары тажик жаранынын аракетине өздөрү бөгөт койгон.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы контрабандалык иштерге бөгөт коюу жумушун мамлекеттик органдардан сырткары Кыргыз өлкөсүнүн чектешкен аймагындагы жарандык коом да көзөмөлгө алышууда", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости