www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-сентябрда саат 07:00гө карата Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы түн салыштырмалуу тынч, бирок өтө чыңалган мүнөздө өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жана тиешелүү өкүлдөрүнүн катышуусунда тараптардын биргелешкен ыкчам штабы кырдаалды тез арада турукташтыруу боюнча тараптардын күч түзүмдөрүнүн аракеттерин координациялоо боюнча ишин улантууда.

«Кыргыз тарап коңшу тарапты ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген макулдашууларды так сактоого, мамлекеттик чек арадагы чыңалууну сактоого көмөктөшүүчү ар кандай факторлор менен шарттарга жол бербөөгө чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин тажик тараптын аткылоосунан Баткенде 24 кыргызстандык көз жумган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кыргыз тараптан жоготуулар көп экенин айткан.

Эске салсак, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости