www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен жана Согд облустарынын жетекчилери жолугат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жергиликтүү басылмаларга билдирди.

"Бүгүн саат 9:00дө Баткен жана Согд облустарынын жетекчилери, күч түзүмдөрү жолугуп, сүйлөшүү болот. Кечээ үйлөрүнөн чыгып, коопсуз жакка кете албай, талаада качып жүргөн адамдарыбыз да бар. Бүгүн аларды чогултуу керек. Жалпы канча адам каза болуп, канчасы жаракат алганын жана дайынсыз болуп жаткан адамдарды да бүгүн тактайбыз. Мурунку кагылыштарда элди Баткенге эвакуациялап келген болсок, бул жолу Баткен шаарынын өзүн да аткылоо болгондуктан, Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу Кадамжайга жана Ошко жиберүүгө туура келди", - деди Алимбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин тажик тараптын аткылоосунан Баткенде 24 кыргызстандык көз жумган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кыргыз тараптан жоготуулар көп экенин айткан.

Эске салсак, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости