www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май ташыла баштаганы боюнча тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, видеого түшүп калган бензовоздор өрттөнүп кеткен май куюучу жайлардагы калган бензинди ташып кетүү үчүн барган.

"Учурда Лейлек районунун үч жеринде (Исфана, Кайрагач, Сай) контрабандалык товарларды өткөрбөө боюнча мобилдик посттор орнотулган. Лейлек районуна жеткирилген күйүүчү май Тажикстанга ташылып кетпеши үчүн тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Ар бир бензовоз бара турган жерине жеткиче көзөмөлдө болот жана Салык кызматынын өкүлү бензиндин куюлушун карап турат", - дешти УКМКдан.

Мындан сырткары, өрттөнүп кеткен май куюучу жайлардагы бензинди ташып кетүү дагы Салык кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ишке ашары белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости