www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Телефондук “террорист” кармалды

2020-жылдын 10-мартында КР УКМК Ош облусттук башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районундагы Райондук электростанцияга бомба коюлган делген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

КР УКМКнын жана ИИМнин кызматкерлери окуя болгон жерге ыкчам түрдө барып, райондук электростанциянын кызматкерлери эвакуацияланып, аймак курчоого алынган.

Мекемени текшерүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир шектүү же жарылуу зат табылган эмес. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу 1969-ж.т. Э.К. аттуу КР жараны аныкталып кармалды.

Такталган боюнча, аталган Э.К. мас абалында бейбештык түрдө жалган чалуу жасагандыгы жана Кара-Суу районуна караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын картография бөлүмүнүн башкы адиси экендиги аныкталды.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Терроризим актысы боюнча жалган маалымат берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

УКМК эскертет, жалган маалыматтарды тараткан үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилик каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости