www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган спорттук оюн түрлөрү боюнча өткөрүлгөн мелдештин салтанаттуу жабылыш аземи болуп өттү.

Мелдешке УКМКнын штаб-квартирасынын, аймактык бөлүмдөрдүн, УКМКнын тогузунчу кызматынын кызматкерлери, ошондой эле «А» атайын багыттагы бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Эркектер спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча күч сынашты: мини-футбол, стол тенниси, ок атуу жана шахмат. Аялдар үчүн спорттун бир нече түрү боюнча мелдештер уюштурулду: жеңил атлетикалык командалык эстафета (1000 м), волейбол, ок атуу, дартс жана 3х3 форматында баскетбол.

Иш-чаранын катышуучуларына кайрылган сөзүндө генерал-полковник К.Ташиев системалуу дене тарбия машыгууларынын маанилүүлүгүн айтып: «Спорттук машыгуулар туруктуулукту, жоопкерчиликти, ишенимди жана ар бир улуттук коопсуздук кызматкери үчүн зарыл болгон сапаттарды калыптандырат. Биз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тутумунда спортту өнүктүрүүнү колдоону улантабыз» - деп баса белгиледи.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө кубоктор, грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Последние новости