www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Унаа жана байланыш министрлигинин салмак-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу максатында ишкерлердин кызыкчылыгын көзөмөлдөөчү органдардын мыйзамсыз аракеттеринен коргоо боюнча УКМК тынымсыз иш алып барууда.

Көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Унаа жана байланыш министрлигинин салмак-габариттик контролдоо пункттарынын системасында коррупциялык схеманын бар экендиги жөнүндө маалыматтар алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтар тастыкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча кылмыш ишинин козголушуна негиз табылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын 22-февралында Унаа жана байланыш министрлигинин салмак-габариттик көзөмөл бөлүмүнүн инспекторлору С.У. жана К.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Азыркы учурда толук, ар тараптуу жана объективдүү тергөөгө багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости