www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атайын комиссия медициналык окуу жайларды текшере баштады

Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы медициналык окуу жайлардын клиникалык базасынын колдонулушуна анализ жүргүзөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Ал комиссия министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен 21-февраль күнү түзүлгөн.

Маалыматка ылайык, комиссия мүчөлөрү 15-мартка чейин медициналык билим берген мекемелерге барып, жеринде клиникалык базанын колдонулушун текшерет. Анын жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилээри айтылды.

Эске салсак, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы 17 жеке менчик медициналык окуу жайды жабууну көздөп жатканын, алар талапка жооп бербей турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости