www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер зарылдык жарала турган болсо ДЭР менен ЛЭРге Орусия аскердик жардам көрсөтүү боюнча алган милдеттемелерин аткарат. Бул тууралуу өлкө башчысы Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз Донецк Эл Республикасы жана Луганск Эл Республикасы менен келишимге кол койдук. Документтерде тиешелүү жардам, анын ичинде аскердик колдоо дагы көрсөтүлгөн. Конфликт болуп жаткандыктан бул чечимибиз менен зарылдык жарала турган болсо алган милдеттерибизди аткара турганыбызды билдирип жатабыз", — деди Путин.
Эске салсак, Донбасста акыркы күндөрү абал бир топ курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоого дуушар болгонун билдирген. Ал республикалардын башчылары Орусиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери баштаган.
Жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча Украина президенти Владимир Зеленский буйрук берээрин ДЭР башчысы Денис Пушилин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жарандарды жалпы мобилизациялоо туурасындагы жарлыкка, ошондой эле, достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон.
Ал эми дүйшөмбү күнү президент Владимир Путин эки республиканын көз карандысыздыгы тааныла тургандыгы тууралуу жарлыкка кол коюп, эртеси ал чечимди Мамлекеттик дума менен Федерация кеңеши ратификациялап берген.
Булак: NazarNews.kg