www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңештин шайлоосуна кийлигишүү же башка мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат болсо УКМКга кайрылууну өтүнөбүз. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлады.

Аталган ведомстводон мындай көрүнүшкө мыйзамда каралган тартипте тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтышкан. Андан сырткары, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын бардык аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигин аныктоо, бөгөт коюу боюнча атайын ыкчам тергөө иштерди пландык негизде улантып жатканын кабарлаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жогорудагыдай көрүнүштөр болсо билдирип коюуну айтып, төмөнкү телефон номерлерди жарыялады:

УКМКнын нөөмөт бөлүмүнүн телефону:

  • Бишкек шаары: (0312) 66-04-75;
  • Чүй облусу: (0312) 54-07 19;
  • Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
  • Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
  • Ош облусу: (03222) 2-30-78;
  • Талас облусу: (03422) 5-20-43;
  • Баткен облусу: (03622) 5-00-33.
  • Нарын облусу: (03522) 5-08-49.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости