www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ Азербайжан менен Армениянын чек арасындагы абал курчуду. Армениянын Коргоо министрлиги адамдар көз жумганын жарыялап, чыгыш тараптагы чек арага кысым көрсөттү деп Баку тарапты айыптады. Ал эми Баку Азербайжан тараптын атакасы тууралуу айткан.

ВВС билдирген маалымат боюнча, Ереван суверенитетин коргоого көмөк көрсөтүү суранычы менен Москвага кайрылды.

Армениянын Россиядагы элчилиги билдирген маалыматка таянсак, Россия менен Армения армян-азербайжан чек арасындагы абалга байланыштуу дипломатиялык консультацияларды жүргүзүп жатат.

8-15-ноябрда бул эки өлкөнүн чек арасында куралдуу жаңжалдар болгон. Айрым маалымат булактары Армениянын 12 аскер кызматкери чек арадагы чыр учурунда туткунда калганын жарыялашты.

Бул жаңжал Армения менен Азербайжандын че арасындагы 44 күндүк согуш аяктагандан берки олуттуу жаңжал деп мүнөздөлүп жатат. Ал эми Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Армения менен Азербайжанды чек арадагы ок атышууну толук токтотууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости