www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Караганда облусунун полициясы орусиялык жарандын 20 жылга мыйзамсыз эркинен ажыратылышы боюнча маалыматты текшерип, «Мыйзамсыз эркинен ажыратуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектелген жергиликтүү тургун кармалган. Бул тууралуу РИА Новостиге облустук ички иштер башкармалыгынын кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда бир адам Караганды облусундагы кыштоолордун биринде мыйзамсыз кармалып жатканын билдирген видеону табышкан.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Шет районунун милиция кызматкерлери тарабынан Орусия Федерациясынын жараны болгон 44 жаштагы киши аныкталып, ал жыйырма жылдан бери мыйзамсыз эксплуатацияга жана мажбурлап иштетүүгө дуушар болгондугун түшүндүргөн. 44 жаштагы жергиликтүү тургунга карата тергөө амалдары жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Полиция РИА Новостиге берген видеодо ал киши өзүн Орусия Федерациясынын Ярославль облусунун Гаврилов-Ямский районунун Горе-Грязь айылынын тургуну Алексей Александрович Котов деп тааныштырган.

Анын айтымында, ал 20 жылдан бери туткунда болгондуктан ата-энесине «Казакстандан алып чыгып кеткиле» деген өтүнүч менен кайрылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости