www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын УКМК контрчалгындоо иштеринин жүрүшүндө ыкчам материалдардын, ошондой эле социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүдө, Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото жана видео материалдар активдүү жарыяланган социалдык тармагындагы баракчасы аныкталган.

Көрсөтүлгөн аккаунттун ээси Кыргыз Республикасынын  К.у.А. аттуу жараны экендиги такталган. Ошол эле учурда ыкчам маалыматтар боюнча К.у.А. 2021-жылдын декабрында Украинанын аймагына эмгек миграциясына кеткен.

Азыркы учурда, алынган материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик акт жасоого даярдыгы) кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын алкагында К.у.А Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышка катышуу фактысы боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын УКМК бул багытта жигердүү профилактикалык иштерди жүргүзүүнү улантууда, ошондой эле КР чегинен тышкары куралдуу операцияларда катышуу Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганына Кыргыз Республикасынын жарандарынын эскертип кетет.

Последние новости