www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн кинорежиссёр Геннадий Базаров 80 жашка толуп атат. Мындан 50 жыл мурда кинодогу «кыргыз кереметин» жараткандардын ичинен ал, өзү айткандай, эң жашы болгон. Эсенбай Нурушев аны «алтандардын кенжеси» деп атайт.

Москвадагы ВГИК институтун аяктап жатканда, Чыңгыз Айтматов 23 жаштагы Геннадийге «Саманчынын жолу» деген повести боюнча толук метраждуу коркөм тасма тартууну тапшырган. Бул фильм анын дипломдук иши катары 1967-жылы экранга чыгып, даңкы бүткүл Союзга тараган. Бирок Базаров эч кандай сыйлак алган эмес – «Өнөргө эмгек сиңирген ишмер» деген наамга ал «Буктурма» менен «Көчөнү» тарткандан кийин, 1974-жылы гана арзыган, «Эл артисти» наамы болсо Базаровго 1991-жылы гана тийген.

Маселе саясий болгон. Геннадийдин атасы Садыр Базаров райисполкомдун төрагасы болуп иштеген экен жана ошол кезде Исхак Раззаковду жамандап, кызматтан алуу керек болгондо, ага каршы катка кол койбой коюптур. Ошондон кийин ал жумуштан алынып, партиядан да чыгарылган жана көптөн кийин гана акталган. Бирок анын уулу Геннадий дагы бир топко чейин «байталман» болуп жүргөн.

 

Последние новости