www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каныбек Осмоналиев

Кызматка жаңы дайындалган профессор Каныбек Осмоналиев интернет айдыңына тараган "тоголок кат" боюнча жооп берди.

"Мен кечээги Фейсбук аркылуу өз дарегиме багытталган "тоголок кат" кейпин кийген фейктик маалыматка көңүл деле бурбай "Өз ишимди чын пейилден, таза уланта берейинчи" - деп чечкен болчумун.

Бирок, бул жалаа уул-кыздарыма, байбичеме, анан өзгөчө жакшы санаалаш жакындарыма катуу тийиптир. Алар мен жөнүндөгү маалыматты жакындан билген адамдар катары өздөрүнүн катуу кыжырданууларын чын жүрөктөрүнөн билдиришип жатышат.

Мен болсо: "Койгула, аты-жыты белгисиз макулук менен жаакташып отурууга убактым дагы, көңүлүм дагы жок!"-деп койгомун. Ошондой болсо дагы кыскача маалымат берип коюм туура көрүнөт. Кыргызда "Айтылган сөз, атылган ок"! - деген макал бар.

Анын маанисин кыргыз кадырлап сезип, тээ "атам замандан" бери эле сөздү этият кылып колдонуп келет эмеспи?! Ошондуктан, ушак айтуу, жалган сүйлөө кыргыз элинин каада-салтынын эң булганычтуу өңүтү катары сезилип, андай адатты катуу жектеп, жазалап келген. Керек болсо элдин ичин аралап баскыс кылып салган учурлар дагы болгон.

Тилекке каршы, бүгүнкү кыргыздын жашоосунда тиги жаман адаттар кадыресе эле "согуш куралына" айланып кетти! Мен өз өмүрүмдө бир топ эле окуяларды баштан кечирдим!

Бирок, деги эле бирөөнүн дарегине ушак айтмак же жазмак турсун, анын аброюна акаарат шек келтирген ойду деле ойлонгон жан эмесмин. А бирок, өз дарегиме каршы айтылган, жалган ушактарды бир нече жолу угуп, чыдап жана сабыр кылып келе жатам. Кечээги жалган фейктик асылуунун бир таң калаарлык жагы бар.

Анткени, бул "чабуул" мен кандайдыр бир мамлекеттик кызматка кабыл алынганда гана "жарык көрүп", анан ошол мезгилге "ыңгайланган" толуктоолор" менен күчөп калат!

Мисалы, министр, дин комиссиясына башчы, ЖКга депутат болгондо регулярдуу түрдө жарыяланып келди. Бул сапаркысы деле ошондой! Расмий түрдө билдирип коёюн. Мунун баары, албетте, жалган! Өтө чоң "чеберчилик жана наадандык" менен көө жабыш үчүн ойлоп чыгылган ушак.

Ооба, мындай "аракеттер" кээде "өз жемишин" берет экен! Мисалы, бир эле адамдын көрсөтмөсү менен студенттерден "пара алды" деген жалаанын азабын 5 жыл тарттым.

Акыры соттун 3 баскычынан тең толук акталып чыктым. Андан ары "бала-чакасы менен чет өлкөлөрдө сейилдеп жүрөт" деген курулай дооматтары дагы суу кечпей ошол кездеги өкмөттөн сөгүш гана алдырып тынышты.

Ошондо дагы ал жаза, кээ бир атаандаш чиновниктердин "каалоосу жана наадандык аракетттери" менен ишке ашып кетти. Кандайдыр бир аргументтерди келтиримиш болуп, "ягода-ежов- бериянын" жан алгычтарынын тилинде жана стилинде "донос" катары жазган адам, ошол эле мен жетектеген комиссияда иштеген агент болуп чыккан, тобоо!

Кийинкисинде дагы, мага асылууга эч болбосо бир себеп издеп жүрүшкөн күчтөрдүн аракетинен улам саясий мотив жана куугунтук жеп 4 ай ТИЗОго олтуруп чыктым. Ал адамдардын аттарын билем. Убагы келгенде ачыкка чыгат.

Эгер жогорку айыптардын эч болбосо бирөөсү чындык болсо мени эчак эле түрмөгө тыгып коюшмак! Эми болсо, жогорудагы жалаалардын баарын топтоп туруп, "чыгармалар жыйнагы" катары көркөмдөп, интернетке фейк формасында жарыялап отурушат.

Болгону эле ушул, урматтуу мекендештерим. Менин жашоо шартым Кудайга шүгүр. Эл катары эле стандарттуу батирде күн кечирип келем. Жашоомо жана тагдырыма ыраазымын. Өз аракетим менен эле эл ичинде татыктуу абалга ээ боло алдым!

Азыркы кызматты президентибиз Садыр Нургожоевич өзү чакырып алып сунуштады. Кесибим боюнча айтып кыйылсам. Улуттук тил комиссиясына тажрыйбалуу мененджер керектигин айтты.

Аргументти мен ынана турган мисалдар менен толуктады. Мен ал кишинин ишеничине ыраазычылык айтып макул болдум. Эмгек жамааты жакшы кабыл алды.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов мырза мени коллектив менен тааныштырды. Комиссиянын мурдагы башчысы, академик Сыртбай Мусаев өз ыктыяры менен арыз жазып, илимге кайта турганын айтып, баарыбыз менен жылуу коштошту. Ишти баштап жатабыз.

Албетте, турмуштук тажрыйбамды, илим-билимимди өзүм үчүн ыйык болгон Кыргыз Тилимин өнүгүүсүнө арнайм.

Урматтуу мекендештер, бизди азыр бириктире турган курал - бул эне тилибиз, каада-салтыбыз, улуттук идеологиябыз! "Өсөйүн десе бир кыргыз, өлүп алат миң кыргыз!" - деген арман макалга жем болбойлу.

Мен өзүм болсо жаңы кызматка миң эселенген кайрат жана күч менен кирип бара жатам. Сиздерден колдоо, жардам гана күтөм!", - деп белгилеген Осмоналиев. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости