www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сахнадан саясатка секирип, өзүн коомдо маанилүү сезген Талант Анарбаев, президент Садыр Жапаровго өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу сунуш жазды. Же молдо эмес, же жорго эмес Таланттын таамай айткан тантык сөздөрүн же текстин өзгөртпөй окурмандарга сунуш кылабыз:

Бисмиллахир рохманир рохиим. Ассалааму алайкум урматтуу ажо Жапаров Садыр Нургожоевич!  Мен сизге жалпы сегиз сунуш менен кайрылып жатам. Өлкөбүз үчүн пайдалуу сунуштар. Өмүр боюу жыйырма жылдан ашуун уюштуруу иштери менен жүрүп, элдин көйгөйүн ичиндеги ойлорун да сезип билип бүттүм деп ойлойм. Ар бир сунушту аныгын жазайын. Сиздин алгылыктуу иштериңизди байкап көрүп билип турабыз. Ал эми жетишкендиктерге сүйүнүп түрабыз. Бирок саясатчылардын кээ бири аңкоолук кылып иштей албай жатканын көрүп күйүнүп кээде капа болуп да жүрөбүз. Жалпысынан сиздин ой-максаттарыңызга тилектешмин. Бирок кээде кемчилдик каталар болуп жатат. Ал эми жалпысынан караганда жыйынтыктар башталганы көрүнүп турат. Менин сизге төмүнкү сунуштарым бар алар:


I. Сунуш.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги иш билгилиги жасап жаткан иштерине багыт. Маданият маалымат, спорт жана жаштар министри жаш же жасаган иштерин так билип алса жакшы болмок. Мыйзам жок деп эле кол куушуруп олтургандай же болбосо кайдыгерлик кылып жатканы ачык көрүнүп турат. Министр өзүнүн ишин так билбей мамлекеттин казынасынан акчаны күтүп эле олтурат бирок жыйынтык жок. Элдин аң-сезимине терс пикир жараткан интернет сайттар журналисттерге, блогерлерге жана жалпы массалык маалымат саясатын жөнгө салса элдин ойу аң-сезими жакшы (позитивке) бурушка толук мүмкүнчүлүк бар. Ушул жол менен маалыматтар негативдештирүү улана берсе элдин башы айланып стреске түшкөндөр көбөйүп барат. Жашоо башка бирок жаңылыктар 90% негатив. Буну жолго салса болот. Ашып барса он беш күн убакыт кетет. бардык блогерлердин башын бириктирип бир багыттуу жол менен кетиш керек. Позитив: мал чарба, балык чарба, бак тигүү, ыйман, маданият, техника, өнөр курулуш, акындар жана башка тема абдан көп.


Чек койуучу жаңылыктар:
1. Өлдү, атып кетти, автокырсык, өрт, камалды, зордолду, өзүн өлтүрдү жана башка негатив жаңылыктар элдин аң-сезимин тескери жана үмүтсүздүкө жетелеп руханий азыгын уулап барат.
2. Ишкерликтин бардык түрү мисалы: бак тигүү, мал чарба, тигүүчүлүк, соода багыты, ислам дини, адеп-ахлак, жаратмандар жөнүндө ютуб каналдар иштөөсү керек. Элдер 90 % ютубта 10% соц.сеттерде олтуршат. Эл кимди эрчишин билбей турат. Элдин аң-сезимин өзгөртүү маданият маалымат, спорт жана жаштар министрдин түздөн түз иши. Аны кантип жолго салса болот? Министр ютуб блогерлерди андан кийин театр ишмерлерин жана массалык маалымат каражаттарды топтоп багыт берүү керек. Көзөмөл кылуунун эң оңой жолдору бар. Мисалы: Азыр айыл жергесиндеги маданият үйлөрүндө канцерттер акыркы он жылда өтө аз болуп калды.
- Кыргызстанда 716 маданият үйлөрү (анын ичинен 40 райондук жана 14 шаардык маданият үйлөрү) бар.
- 22 театр оюн-зоок мекемелер бар (16 театр, 3 филармония, 2 куурчак театры);
- 88 музыкалык мектеп (8 орто окуу жай 2 жогорку окуу жай)
- 1066 китепкана (анын ичинен 2 республикалык, 9 облустук, 39 райондук Бишкек шаарында 28, Ош шаарында 11 китепкана);
- Музейлер 140 республикалык, облустук, шаардык, айылдык жана коомдук;
- Маданият бөлүмдөр 40 райондук жана 14 шаарыдык;
Кээ бир маданият кызматкерлер жөн эле айлык алып олтурат реформа жасаш керек. Ал жөнүндө менде идеяларым бар. Менин атам маданият үйүнүн директору болуп 33 жыл иштеген (азыр ардактуу эс алууда). Ал убакта маданий иш-чаралар жана канцерттер коп болуп турчу. Элди ким кантип өзгөртөт? Маданият маалымат, спорт жана жаштар министрлиги бардык маданият үйлөрүнүн кызматкерлери менен сүйлөшүп барын бириктирип элди оң багытка салуусу керек. Жалпы жаңылыктарды телевиденияда, ютуб каналдарда жана соц.сеттерде чыгарып турушу керек. Эгер журналист жана блогерлер туура эмес маалыматты элге терс маанидеги видеолорду чыгарса эскертүү берип андан кийин каналдарын жабуу керек. Мына ошондо блогерлерда жакшы жана пайдалуу маалыматтарды чыгарып калат.

II. Сунуш. Аскердик кызмат (служба) өтөө.

Альтернативдик кызматты жойуу же 200 000 сом өлкөгө төлөшү керек. Өлкөбүздө аскердик сыр деп мага маалымат беришпейт экен бирок, альтернативдик службага 17000 сом төлөп койуп аскерге барбай койуп жаткан жаштарды көрүп мекенди баалабаган жаштарга тарбия береалбай жатабыз. Мисалга ар жылы 20000 (жыйырма миң) миңдей аскерге кызмат өтөбөгөн жаштардын агымы пайда болду. Айрыкча 2000-жылдан бери кыска-нуска 10 000 миң жигит аскерге барбаса өлкө үчүн чоң эле трагедия болот. Мектепти бүткөндөн кийин аскерге сөссүз баруусу керек. Эгер барбаса чет өлкөгө чыгууга уруксат бербөө жана жогорку окуу жайларга кабыл албоосу керек. Же жыйырма жашка чейин аскерге барбаса окууну улантууну токтотуп кийин кайра аскерден келгенден соң окуусун улантуусу керек. ГЭС, ТЭЦ, мектептерди, жолдорду куруучулар ойду омкоруп тоону томкоро турган жаштар аскерге барбаганы өкүндүрөт. Жана дагы апрель айынан ноябрь айына чейин өлкөнүн ар бир жеринде саюз (СССР) убагында курулуш батальенун жандандырууну сунуш берем. Эгер так иштеп чык десеңер жол жобосун так иштеп чыгууга даярмын.

III. Сунуш. Турак-жай курулуш кооператив боюнча.

Бир жүз кыртан ашуун кооперативтер козукарындай көбөйүп алданган жарандар байкалып баштады. Мамлекеттин көзөмөлү жок өзүм билемдик менен иштеген кооперативдик шылуундарга алданган жарандарга өкмөт же Садыр Нургожоевич өзүңүз кайрылуу жасап койбосоңуз болбой калчуудай болуп турат.

IV. Сунуш. Бейөкмөт уюмдар (НПО)

Бейөкмөт уюмдар боюнча максаттарын жана иштерин тыгыз текшерип көзөмөлдөп туруу керек. Ким митингке же жүрүшкө чыкса паспорт ксерокөчүрмөсү жана 3×4 өлчөмдөгү сүрөтү менен келип каттоодон өтөт жана аларды митинге ушул жарандар чыгат деп тв. жана интернет сайттардан жарыялоо керек. Бейөкмөттүк уюмдар жөнү жок эле митингтерди уюштуруп элдин аң-сезимин бузуп жатышат. Антпесе кийинки митингтерде дал ушулар эле очки маска тагып алып чыгып элге психологиялык чабуул жасап элдерде деградация пайда болуп өтө кооптуу жака багыт алып баратат. Бул боюнча маданият министрлигине кенен жолго салуу боюнча сунушумду берүүгө даярмын.

V. Сунуш. Чет өлкөлүк студенттерге жатакана салуу боюнча.

Учурда 30 000 миңден ашуун студенттер билим алып жатышат. Батирлерде 2000 сомдон 30 000 сомге чейин төлөп жүргөн чет элдик студенттер бар. Эгер мамлекеттин эсебинен атайын чет өлкөлүк студенттер үчүн жатаканалар курулуп ага 30 000 сдудент 4000 сомдон төлөп жашаса он айда 1 млрд. 200 млн. сом акча өлкө казынасына түшүрсө болот. Чет элдик студенттер өтө чоң инвестор болуп саналат.

VI. Сунуш. Кошуна өлкөлөрдөн келген ишкер же мигранттар өлкө казынасына акы төлөө боюнча.

Статистика боюна Өзбекстан респебликасы 2018-жылы бир жылда эле өзбек тышкы иштер министрдин сайтында 1 млн. 200 миң жараны Кыргыз Респебликасына кирип мыйзамсыз иштеп кетишкени жарыяланган. 2019-жылы ковид 19 башталып төрт жыл ичинде жарыя кылбай калды. Менин божомолум боюнча 500 миңдей Өзбекстан республикасынын жарандары Кыргызстанга келип курулуш, соода-сатык, дыйканчылык тигүүчүлүк ж.б. тармактарда эки ай иштеп 50 000ден 160 000 сомго чейин акчаны алып кетишет. Убактылуу каттоого (прописка) эки айга 110 сом гана төлөп иштеп жатышат. Каттоого ар бир домкомго же айыл өкмөткө туруп өлкө казынасына түз түшүрүш керек. Мисалы: Эки айга 500 миң мигрант айына 2000 сомдон төлөсө (убактылуу каттоо үчүн) 1 млрд. сом өлкө казынасына түшөт. Төлөө системасын жеңилдетип (банкомат, терминал) койуу керек. Эгер төлөбөсө 10 000 сомдон 30 000 сомго чейин айып пул төлөйт. Ансыз деле келген элдер бажыда 500-1000 сомго чейин төлөшүп (коррупция жолу менен) өтүшөт. Мындай фактылар керек болсо жүздөп саналат. Бул маалыматтарды элдер менен көп аралашып жүргөндүктөн билем. Бул системаны ишке ашыруу менен бажыдагы корруацияга бөгөт койулат. Эгер мага мүмкүнчүлүк болсо Кудай буйруса бул жаатында акылым, күчүм жана уюштуруучулук жөндөмүм жетет. Ар дайым кызматташып сунуштарды бергенге даярмын.

VII. Сунуш. Маркумду узатуудагы чыгымдар.

Маркумду узатуудагы чыгымдар элге өтө оор келет. өзүм жалпы Кыргызстанды кыдырган сурамжылоомдон ушул чыгымдарды толук кыскартууну колдогон элдер 96% ын түздү. Ар кимдин сүйлөгөнүн ырбатпай чекит койдуруп койсоңуз жакшы болмок

VIII. Сунуш. Той маарекеде болгон чыгымдар.

Той маарекеде элдин пикири бир жеңил авто унаа жана бир спринтер бус болсун. Той 150 коноктон ашпасын. Айылдарда той өткөрсө эрте менен кечке чейин бүтүрүү керек, эгер ресторанда болсо кечки 18:00дөн 21 :00го чейин экиден ашуун тамак тартылбосу керек. Ал эми союш 2 кой жетет деген пикирдемин. Атандашуудан эл жабыр тартып келет. Келечек жаштарга да жеңил болмок.

Сизди терең урматтоо менен: Анарбаев Талант Абдыкалыкович.

Эске сала кетсек, Талант Анарбаев куудул. Буга чейин сахнада жалтыр-жултур кийим кийип, элге маанай тартуулап келсе, учурда ал блогердик кызматты аркалайт. Акыркы учурда Украинанын президенти Зеленскийге окшоп президенттик кызматка көз артып жүрөт. Клоун деген клоунда, беш китеп окуп койсо акыл айткан Анарбаевге окшогондор мамлекеттин тагдырын чече турган болсо, арты кандай болот, "и так" эле өлкөдө "клоундар" толтура болуп турганда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости