www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бою 35-40 см болуп, сугат жерде өсөт, бутактары бөлүнүп жулунат, жалбырагы жок. Бутактары муун-муун болуп бөлүнөт. Дары чачылган жерден терүүгө болбойт. Кырк муун бутактары чийдей ичке, узун келет, илгертеден дары катары колдонулат. Кайнатып ичкенде кычкыл келет, дарылыгы ошол кычкылдыгында.

Касиети:

Бөйрөгү ооругандарга, табарсыкка суук тийгендерге, сийдиги токтобогондорго (өзгөчө картайган адамдарга), канды коюлтат, токтотот, кан аралаш кускандарга, кан аралаш сийгендерге, бөйрөктө таш болгондорго, геморрой, ревматизм, нерв ооруларына жардамы тиет.

Геморройго кырк муун чөбүн 3 чоң кашык майдалап, 3 күн чоң кашык кырк муун чөбүн, 2-3 чыны баткан чайнекке демдеп, ысык бойдон 1 күндө 2-3 жолу ичет. Айыкканча кырк муун чөбүн кайнатып, ванна жасап, кайнатылган чөптү куюп, денеси чыдагандай отуруш керек.

Башка ооруларга  да 1 күндө 2-3 жолу чайдай демдеп, 1 ичкенде 3 кашык кырк муунду ысык бойдон 2-3 чыны ач карын ичет. Кырк муун кургак келет, кургатпай ичсе болот. Анча-мынча кургатып, чүпүрөк баштыкка сактаса болот.

Кырк муун көздүн көрүшүнө, кандын курамына, сийдиктин чыгышына жардам берет. Эгерде денеси кычышып, бетине сепкил түшсө, ириңдеп кетсе, кырк муун чайын ичип, ваннага отурат. Коркунучтуу шишик, экзема болгондорго кырк муун чөбүн 3-4 күн ичип, байкаш керек, жардам берсе ванна жасайт. 6-7 күндө жардамы тийсе, 10-15 күн өткөрүп, кайталайт.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости