www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каныбек Осмоналиев кыргыз тилин көтөрө алабы?

Кыргыз эли мамлекеттик катчы катарында издеп жүрүп таппаган, президент кол койгон жарлыкка ылайык, Каныбек Осмоналиев президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Буга чейин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев кызматынан бошотулган. Кыргыз тили боюнча маалымат беттеринде салгылаш болуп келди. Ал эмес Эдил Байсалов өзүнүн Твиттердеги барагына «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун айланасындагы талкуу боюнча оюн билдирген. Байсаловдун айтымында, мыйзам долбоору учурдагы минкаб менен макулдашылган эмес. Аны Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жаңы Конституциягы ылайык иштеп чыккан: «Мыйзам долбоору коомдук талкуу процессинде каралгандай толуктап кайрадан иштелип чыгат. Жогорку Кеңешке баштапкы вариантта келбейт. Эне тилди өнүктүрүү жана бекемдөө маселеси министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет», — деген ал. Байсалов долбоордун толукталып, кайрадан иштелип чыгышын же расмий тилдин колдонуу чөйрөсүн кыскартуу маселесин, ал эми «этникалык азчылыктын кызыкчылыктарын жана укуктарын бузууну» андан бетер саясатташтыруунун кереги жок экенин кошумчалаган. Мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоору социалдык тармактардын колдонуучулары жана ЖМКлар арасында кызуу талкуу жараткан. Долбоор тууралуу өз оюн Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко да билдирген. Анын айтымында, Орусия кырдаалга көз салып жатат жана ал жерде долбоордун азыркы түрүндө кабыл алынышы «Конституцияда расмий тил катары бекитилген орус тилдин колдонуу чөйрөсү кыскарат деген кооптонуулар» бар.

Парламенттеги «Ата-Журт» -Кыргызстан» партиясынын төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештеги иш-чараны бир гана мамлекеттик тилде алып барууну сунуштаган. «Ата-журтчу» Масабиров парламентте орус тилине, Шакиев кыргыз тилине басым жасоого чакырган. Кыргыз тилинин өгөйлөнүп келатканы айдан-ачык, Документтер да орус тилинде жазылып келген. 8000 жылдык кыргыздын трагедиясы, Чагатай тилинин жанчылгандыгында. Акыркы мезгилдеги кыргыз тарыхий китептери кыргыз эли сегиз миӊ жылдан бери жер шарында жашап келатканын тактайт. Ал эми орус тарыхчылары биринчи орус ачылыштарын летописчи Нестор тарабынан байыркы Киевде XII кылымда жазылган «Байыркы жылдардын тарыхы» летописинде башталган деп эсептешет. Бул летописте IX кылымдын ортосунан баштап XII кылымдын башына чейинки окуя сʏрѳттѳлѳт. Киев Русунун Европа жана Азия менен байланышын сʏрѳттѳйт. Бул летописте орус дѳӊсѳѳлѳрʏ Балтика боюнан баштап Карпат, Кавказ, жана Каспий, Кара деӊиздерге чейин сʏрѳттѳлѳт. Чыгыш Славяндарга Эдил (Волга) менен Борбордук Азия араӊ белгилʏʏ болгон. Ал эми Шибер (Сибирь), Ыраакы Чыгыш жана башка жерлер тʏштѳрʏнѳ да кирген эмес. Бул летописте орус жерлерин бириктирʏʏ тууралуу алдыӊкы ой жʏгʏртʏʏлѳр камтылган. XVI кылымда гана орус окумуштуулары «Большой чертеж» деген китепке ээ болушкан. Бул китепте кантип кѳчмѳндѳрдѳн (кыргыздардан) коргонуу керек экендигин биле турган чек аралардагы аскердик курулуштар ʏйрѳтʏлгѳн.

Ушул себептен улам совет мамлекетинде байыркы кыргыздардын тарыхын окутуу кылмыш иши катары эсептелген. Байыркы кыргыз тарыхы эмес, советтик деген наам менен кечээки орус тарыхы окутулуп келген. Байыркы кыргызды унуткаруу ʏчʏн келечек муундардын мээсин айлантышкан. Орустардын чек арасын коргоп келген тʏрк- кыргызча сʏйлѳп келишкен орус-казактарды зордоп орусташтырып, орус тилдʏʏ элге айлантышкан. Тʏрк элдеринин жалпы ортолук тил катары жашап келаткан Чагатай тилин жанчып жок кылышып, орус тилин мажбурлап кийиришкен. Албетте, кыргыз элинин сегиз миӊ жылдык кыргыз санжырасына салыштырмалуу бул жылдар кечээки эле жылдардай кѳрʏнѳт. Кыргыз эли он эки жылдык жаныбарлардын астрономиялык тʏзʏлʏштѳрʏн тʏзʏп келишкен. Алар бʏгʏнкʏ кʏнʏ да астрологдор тарабынан кеӊири колдонулуп келатат.

Биздин мамлекетте орус тилинин официалдуу макам алып жүргөнүнө ар кандай көз караштагы адамдар бар. Кээ бирөө таптакыр эле орус тилинен статусту алып салыш керек десе, экс-депутат Ирина Карамушкина сыяктуу депутаттар орус тилине официалдуу тил берилишине макул эмес, мамлекеттик тил берилиш керек деп чыгышууда. «Мамлекеттик тил» боюнча каралган маселе учурунда депутат Ирина Карамушкина орус тилин мамлекеттик тил кылууну сунуштаган. Экс-депутат Каныбек Иманалиевдин диссертациялар кыргыз тилинде корголушу керектигин айтканда Карамушкина буга каршы чыккан: «Биз светтик өлкө деп жарыяланганбыз. Эгерде Кыргызстанда эки тил, орус жана кыргыз тилдери мамлекеттик болсо, анда эмне болот? Көпчүлүк үчүн жумушка орношууда кыргыз тилин билбегендик чектөө болуп калды. Мага жумуш табууга жардам сурап бир нече адам кайрылышты, бирок мамлекеттик тилди билбегендиктен баш тартышты. Бүгүнкү күндө, мисалы, өкмөттөн мамлекеттик тилде гана билдирүү келди. Орус тилдүү жарандарга мамлекеттик тилде жооп берилет. Өкмөт мындайын токтотуусун талап кылам» - деген эл өкүлү.

Скиф, гунн, сак жана башка миңдеген тилдер жок болушуп «өлүк» тилге айланышкан. Аларга салыштырмалуу кыргыз тили байыртан жашап келатат. Союз убагында борборубуз Бишкекте 68 мектептин бирөө гана № 5 кыргыз мектеби болгон, кыргыз тили кор болгон. Жазуучулар Айтматов, Токомбаев жазганыбызды кыргызча окуй албай, кыргыз тили өлүп баратат дешип ачуу үндөрүн чыгарышканы менен элге үлгү көрсөтпөй өздөрү балдарын орус тилинде окутушкан. Исхак Раззаков жетектеп турган учурда 1958-жылдын 14-майында БКнын бюросу орус мектептеринде кыргыз тили окулсун, Касым Тыныстановдун жана Молдо Кылычтын тандалма чыгармалары өзүнчө жыйнак болуп чыксын, окумуштуулар булардын чыгармаларын изилдеп, орусча, кыргызча журналдарга сын макалаларын чыгарсын деген чечимдерди кабыл алат. 1960-жылы 4-январда БКнын ошол эле бюро мүчөлөрү 1958-жылы чыккан чечимдерин жокко чыгарат. Бул токтомдор отуз жылдан кийин 1989-жылдын 23-сентябрында гана жокко чыгарылып, кыргыз тили мамлекеттик тил катары токтом кабыл алынган.

Кыргыз тили көргүлүктү көргөн: 1928-жылы арабдан латынга, 1941-жылы латындан орус алфавитине өткөнбүз. Учурда Түркмөнстан, Өзбекстан латын алфавитине өттү, Казакстан латын алфавитине өтүүгө даярданып жатат. Эми кошуналар латын арибине өтүп жатканда, Кыргызстанда болсо латын алфавитине өтүү учурдун маселеси эмес, биз Баш мыйзамыбызда кыргыз тилине мамлекеттик тил берип, орус тилине официалдуу тил берип келатабыз. Бирок улуу тилдигине салып мамлекетибиздин көп жерлеринде кыргыз тили өгөйлөнүп келатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости