www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Трамптын байлыгы бир жылда 1,4 миллиард долларга өстү
Американын президенти Доналд Трамптын акыркы бир жыл ичинде байлыгын олуттуу көбөйгөн. Чет элдик маалымат каражаттары Forbes журналына шилтеме берип жазгандай, анын жалпы капиталы азыр 6,5 миллиард долларга жетти. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1,4 миллиард долларга көп.
Журнал жарыялаган дүйнөдөгү миллиардерлердин жаңыланган рейтингине ылайык, Трамп мурда 700-орунда турган болсо, азыр 645-орунга көтөрүлгөн. Адистер анын байлыгынын өсүшүн негизинен криптоиндустриядагы ишмердүүлүгү, ошондой эле World Liberty Financial компаниясынын акцияларын сатуудан жана башка инвестициялардан түшкөн кирешелер менен түшүндүрүшөт.
Ошол эле учурда Нью-Йорк сотунун чечимине ылайык, Трамп 517 миллион доллар төлөмдөн бошотулган. Мындан сырткары анын кыймылсыз мүлктөрүнүн, гольф аянтчаларынын жана белгилүү Mar-a-Lago резиденциясынын баасы да өсүп, жалпы байлыгына кошумча салым кошкон.
Белгилей кетсек, Трамп бул имаратты 1985-жылы болгону 10 миллион долларга сатып алган. Азыр болсо анын баасы болжол менен 560 миллион долларга жеткени айтылууда.