www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен Бишкекте курулуп жаткан 20 мектептин курулуш этабы менен таанышып, жеке көзмөлүнө алууда. Бул тууралуу Курулуш Министрлигинен билдиришти.

Алардын бири Жал кичи районундагы №72 мектепке кошумча салынып жаткан окуу корпусу. Долбоорго ылайык окуучулар жана окутуучулар үчүн бардык заманбап шарттар каралган. Бүгүнкү күндө жер казуу иштери толук аяктап, курулуштун кийинки этабы кызуу жүрүп жатат.

Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин жүрүшүн карап чыгып, курулуш темпин ылдамдатуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаары боюнча жаңы 20 мектеп курулуп жатат. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Последние новости