www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков кесиптештерин күлкүгө салды. Ал өз сөзүндө "ырахмат" дегенди казакча "рахмет" деп айтып, күлкүгө калды.
Эл өкүлү Өзгөчө кырдаалдар министрине талапкерлиги каралып жаткан Канатбек Чыныбаевге суроо берүү үчүн төрага Марлен Маматалиевге ыраазычылык билдирем деген негизде айткан.
Айткандай, Жумабеков буга чейин “маколё” деген атка конуп, кээ бир окуялары менен коомчулукта шылдыңга калган учурлары болгон. Алардын ичинде Зайырбек Ажыматовдун ырын өзүнүн аты менен байланыштырып далайдын оозун ачырган. Ошондой эле "кукуруза кайтарып отурамбы" деген сөзү көптөрдүн мыскылына айланды. “Сооронбай Жээнбековдун кемчилигин көрбөй турам” деп кошоматтана коюп, бүгүнкү күнгө чейин лакап болуп айтылып жүрөт.
Айтор, кезинде Жогорку Кеңештин төрагасы болгонуна карабастан өзүн-өзү өстүрүүгө аракет көргөн жок. Төрага кезинде эмнени кыйратканын эч ким билбейт. Илең-салаң болуп, эл аралык жыйындарга баргандан заарканып, орусча сүйлөй албасын айтып качып жүргөнүн депутаттар далай кеп кылышты.