www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түнкү рейд учурунда саат болжол менен 02:40 чамасында Бишкек шаарындагы Карагул Акматов көчөсүндө, Панорама тараптан чыгып келе жаткан Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унаа Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан токтотулган.
Токтотуу учурунда айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, ылдамдыгын күчөтүп качууга аракет кылган. Натыйжада кызматкерлер тарабынан куугунтук уюштурулуп, унаа Каражыгач жаны конуш тарап жактан токтотулган.
Текшерүү учурунда унаанын рулунда жашы жете элек өспүрүмдөр болгону аныкталган. Унаа айып короосуна токтотулуп, тиешелүү укук бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулду жана өспүрүмдөрдүн ата-энелери чакыртылды.
МККБ ата-энелерге кайрылып, балдарыңыздарга унаанын ачкычтарын бербөөнү жана алар менен жол кыймылынын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өтүнөт. Жол каталарды кечирбейт. Мындай жоопкерсиздик кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.