www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келечекте 16 жашка чейинки бардык балдарга, үй-бүлөнүн социалдык абалына карабастан, жөлөк пул берүү пландалып жатканын президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Президент белгилегендей, учурда өлкө экономикасы туруктуу өсүш жолуна түшүп, бул социалдык төлөмдөрдү этап-этабы менен көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө. Негизги максат балдарды колдоодо "бай-кедей" деп бөлбөстөн, жалпы камсыздоого өтүү.
"Келечекте бюджетибиз көбөйгөн сайын 16 жашка чейинки балдарга бай-кедейине карабай, баарына бирдей жөлөк пул берүүгө аракет кылабыз", — деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле өлкө башчысы экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырышы менен бирге айлык маяналарды, пенсияларды жана башка социалдык жөлөк пулдарды кошконго мамлекет болгон күчүн жумшап жатканын кошумчалады.