www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков «Биринчи радио» берүүсүнүн эфиринде Кыргызстандагы тигүү тармагынын негизги көйгөйлөрүнүн бири көмүскөдө иш жүргүзүү болуп калып жатканын билдирди.
«Тигүү тармагында эмгек акынын көмүскө төлөнүшү — чындыгында өтө чоң көйгөй. Биз көмүскө ишмердүүлүк бар экенин түшүнөбүз жана аны өзүбүз да көрүп жатабыз, анткени көптөгөн ишкерлер менен дайыма жолугушуп турабыз», — деди ал.
Кубанычбек Ысабековдун айтымында, тармакты мыйзамдаштыруу маселеси Россияга продукция экспорттоодо көзөмөл күчөгөн шартта өзгөчө курчуду. Ал Россия тарап жеткирүүлөр толугу менен мыйзам алкагында жүргүзүлүп, бардык зарыл салыктар төлөнүшүн талап кылып жатканын кошумчалады.
«Россия Федерациясы да көзөмөлдү күчөтүп, негизинен бардык салыктар мыйзам талаптарына ылайык төлөнүшү керек деген талап киргизди. Импорт учурунда эми кошумча нарк салыгын төлөө талап кылынат. Биз да өз тарабыбыздан чек арада КНСти төлөө талаптарын күчөтүп жатабыз», — деди ал.
Ал ишкерлердин өздөрү да мурда отчеттордо кызматкерлердин бир бөлүгүн гана көрсөтүп келишкенин моюнга алышкандыгын белгиледи.
«Мисалы, бир ишкерде 20 кызматкер иштесе, отчетто алардын экөө же үчөө гана көрсөтүлгөн учурлар болгон, муну өздөрү да айтып беришкен», — деди Ысабеков.
Ошол эле учурда, анын айтымында, тармакка өткөн мыйзам бузууларга кайрылбастан, ишти «жаңы барактан» баштоо сунушталууда.
«Азыр өткөндү кайра козгоп, баарын башынан көтөрүү жыйынтык бербейт. Ошондуктан биз тармак толугу менен ишин жаңы барактан баштаса дейбиз», — деп белгиледи ал.
Кубанычбек Ысабековдун маалыматына ылайык, расмий маалыматтар боюнча тигүү тармагында болжол менен 10–13 миң адам катталган, башкача айтканда, булар үчүн киреше салыгы төлөнүп жаткан кызматкерлер. Ошол эле учурда тармактын өзүндө иштегендердин саны 100 миңден 200 миңге чейин деп бааланууда.
«Биз жок дегенде 50–100 миң адамды расмий каттоого чыгара алабыз деп үмүттөнөбүз. Анткени камсыздандыруу төлөмдөрү — бул биздин жарандардын келечектеги пенсиясы», — деди ал.
Ал кошумчалагандай, иш менен камсыз кылууну мыйзамдаштыруу салыктык башкаруу үчүн гана эмес, кызматкерлердин социалдык корголушу үчүн да маанилүү. Анын айтымында, бүгүнкү күндө төлөнгөн чакан камсыздандыруу төгүмдөрү да келечектеги пенсияга таасир этет, ал эми расмий иш менен камсыз болуунун өсүшү мамлекетке пенсиялык төлөмдөрдү көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн берет.