www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо жана өлкөнүн гидроэнергетикалык дараметин натыйжалуу пайдалануу боюнча милдетин ишке ашыруунун алкагында өлкөдө Борбордук Азиядагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири – “Камбар-Ата -1 ГЭС” долбоорун ишке ашыруу иштери уланууда. 

Бул ири инфраструктуралык долбоор Кыргызстан үчүн да, бүткүл Борбордук Азия региону үчүн да стратегиялык мааниге ээ. Көлөмү, экономикалык таасири жана өлкөнүн келечектеги энергетикалык балансындагы ролу боюнча ал "Кылым долбоору" деп аталган. 
ГЭСтин  курулушу аяктагандан кийин станция 1 860 МВт орнотулган кубаттуулугу менен өлкөнүн эң ири гидроэнергетикалык объектиси болуп саналат. Бул мамлекеттин энергетикалык көз карандысыздыгын кыйла бекемдөөгө жана улуттук экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. 

Учурда станциянын курулушуна активдүү даярдык иштери жүрүп жатат. Жалал-Абад облусунун тоолуу аймагында масштабдуу гидротехникалык курулушту баштоо үчүн зарыл болгон инфраструктура комплекси дээрлик нөлдөн баштап түзүлүүдө. Бул иштер электр берүү линияларын тартууну, автомобиль жолдорун курууну, Нарын дарыясы аркылуу көпүрө курууну, куруучулар үчүн шаарчаны түзүү, ошондой эле бир катар башка инженердик жана уюштуруу иш-чараларын камтыйт.

Бүгүнкү күнгө карата бир топ иштер аткарылды: 
1. Бишкек-Ош унаа жолун станциянын курулушу менен байланыштырган жолдун болжол менен 90%ы бүттү;
2. Келечектеги стан-циянын аянтына курулуш техникасы-нын жетүүсүн камсыз кылган 126 метр узундуктагы транспорттук тоннелди казуу толук аяктады;
3. Курулуш аянтчасын электр энергиясы менен камсыздоого арналган 110 кВ электр берүү линиясын жана көмөкчордонду куруу улантылууда;
4. №2 тилкеден ГЭСке чейинки жолдун болжол менен 85%ы бүттү;
5. Көпүрөнүн тирөөчтөрүнүн негизги бетон иштери бүткөрүлүп, металл үстүнкү конструкцияларын орнотуу иштери жүрүп жатат. Жалпысынан курулуш болжол менен 40-50% бүттү;
6. 100 кишиге ылайыкташтырылган  жана курулуш жумушчуларын жана инженердик кызматкерлерди жайгаштырууга арналган вахталык лагердин болжол менен 60%ы бүткөрүлдү.
 

Последние новости