www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын жаңы Жогорку лидери Моджтаба Хаменеи азыр дүйнөдөгү эң көп талкууланган саясий фигуралардын бирине айланды. Иран анын жетекчилиги астында кандай багытта өнүгөрү азырынча так белгисиз. Бирок Израиль-Америка аны жок кылууга кызыкдарлыгын жашырышкан жок.

Моджтаба Хаменеи АКШ-Израилдин аба соккуларынан каза болгон Ирандын мурдагы Жогорку лидери (1989–2026) Али Хаменеинин экинчи уулу. Маркум Али Хаменейдин төрт уулу бар. Мустафа, Моджтаба, Масуд жана Мейсам. Алар расмий түрдө жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлебегени менен, Иран саясатындагы маанилүү фигуралар катары эсептелет.

Моджтаба Хаменеи – үй-бүлөдөгү эң белгилүү жана көп талкууланган адам. Ал буга чейин Ирандагы консервативдүү саясий чөйрөлөр жана Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен байланышы аркылуу белгилүү болгон. Азыр болсо ал Ирандын бардык диний жана саясий түзүмдөрү ант берген Жогорку лидер болуп калды.

Мустафа Хаменеи – бир туугандардын улуусу. Ал диний билим алган жана көбүнчө диний чөйрөлөрдө иш алып барат. Саясий маалымат каражаттарында анын аты сейрек айтылат жана коомчулук алдына дээрлик чыкпайт.

Масуд Хаменеи – үчүнчү бир тууганы. Ал көбүнчө маданий жана диний иш-чаралар менен байланышкан. Айрым учурларда диний жыйындарга жана идеологиялык талкууларга катышкан адам катары белгилүү. Бирок анын саясаттагы активдүү ролу тууралуу маалымат аз.

Мейсам Хаменеи – үй-бүлөдөгү көмүскөдөгү коомго анчейин белгилүү эмес. Ал коомдук жана саясий медиада дээрлик көрүнбөйт жана жеке жашоосун абдан жашыруун алып жүрөт.

Иранда саясий бийлик расмий түрдө мураска берилбейт. Өлкөнүн саясий системасында диний элита жана революциялык институттар чоң роль ойнойт. Бирок Али Хаменейдин уулунун Жогорку лидер болуп шайланышы өлкөдөгү бийликтин атадан уулга өтпөйт деген салтка өзгөрүү алып келди.

Последние новости