www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылдын 6-апрелинде орусиялык артыкчылык берүүчү 300 млн АКШ доллар кредитинин ичинен 286 млн кредити Кыргызстанда бар эле. Анын бир сому же бир доллары да уурдалган эмес. Убактылуу Өкмөт деп аталган бийлик бул акчаны кантип пайдаланганы жөнүндө, банктарды кантип карактаганы жөнүндө, ишканаларды жана квартираларды кантип тартып алышканы жөнүндө жооп бере турган учур келди. Ал эми кредит суммасына келсек, КР Өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Игорь Чудинов 300 млн. АКШ доллардык өлчөмдөгү кредитти пайдалануу жөнүндө отчет берген. Анын айтканына караганда, бул акча төмөнкүдөй жол менен бөлүнгөн:

$100 млн кредит улуттук долбоор «Камбар-Ата 2»;

$17 млн Кыргызстандын коммерциялык банктарынын депозиттеринде болгон;

1.130 млрд сом дагы коммерциялык банктардын депозиттеринде болгон;

$171 млн 590 миң  КР Улуттук банкынын, «Азия УниверсалБанкта» жана “КIСВ” эсебинде турган;

1 млрд 83 млн сом дагы КР Улуттук банкынын, «Азия УниверсалБанктын» эсебинде болгон.

Өнүгүү фондунун республикадан сырткары аймакта эч кандай каражаты болгон эмес. Өнүгүү Фонд еврооблигацияларга салган каражаттар фонддун эсебинде турат.

Өнүгүү Фондуна Кыргызстандын өкмөтүнүн чечими менен орусиялык 300 млн. АКШ доллары кредитинен 286,3 миллион АКШ долларын приоритеттүү республикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бөлүнүп берилген. Кредиттик макулдашуунун шарттары боюнча, калган 13,6 миллион доллар Орусиянын Внешэкономбанкында кыргыз тараптын негизги карызын жабуудагы биринчи төлөмдүн кепилдиги катары депонентке салынгандыгын, ал карызды төлөө мөөнөтүнүн башталышы 2016-жылга туш келген.

Ошол кезде Орусия электростанция куруу үчүн 2 млрд доллар сүйлөшүлгөн. 1,7 млрд доллар ала турган болушуп, 300 млн доллар насыя  менен 150 млн доллар жардам берүү ниетинде акчаны Кыргызстандын капчыгына салып беришкен.

«Бир колумда Орусия, бир колумда АКШ, кимиси жакшы?»-деген кредо менен келишкен Атамбаев АКШтын аскер базасын чыгарган. Атамбаевдин аркасынан 2014 жылы АКШ Кыргызстандан аскер базасын чыгарып кеткен.  «Манас»  аэропортунан НАТОнун Ооганстандагы контингентин чыгарып кетүү тууралуу Алмазбек Атамбаев  2011 жылы Кыргызстандын  президенттигине коюп жатканда сөз кылган.

2013-жылдын 26 июнунда АКШ менен келишимди узартпоо боюнча анын суроосу боюнча парламенттин мыйзамын бекиткен. Бир жыл өтүп өзүнүн инфраструктурасын Улуттук гвардияга өткөзүп алар кош айтышып жөнөп кетишкен. Казарма, автомобилдер, спорттук тренажерлор калып, бир гана маалымат сактаган компьютерлерин майдалап талкалап кетишкен.

Бул база кантип пайда болгону тууралуу көз жүгүртүп көрөлү. 2001-жылы Нью-Йорктогу жардыруулардан соң, Батыш ушул күнгө чейин бүтпөй келген Ооганстанга каршы аракеттерин баштайт. Ал үчүн жүктөр менен өздүк курамдын Ооганстанга өтүшү үчүн база керек эле. Бул жерден 12 жарым жыл кызмат кылган жылдары 5,3 миллион аскер адамы өтүшкөн. Андан тышкары аскер учактарына май куюп туруу үчүн Ислам Каримов Ханабаддагы базаны кетирген соң «абадай» керек эле.

 «Манас»  базасын пайдалангандыгы  үчүн америкалыктар— башында 27, кийин болсо жылына 60 миллион доллар төлөп турган. Кыргыз тарап келип жаткан жүктөрдү текшерүүгө укугу жок болгондуктан, баңги заттарга ууланган америкалык жергиликтүү тургун Александр Ивановду атып салып, соттолуунун ордуна АКШга кете берген.

 2013- жылы «Манас» авиабазасынын бир учагы Чүй облусунун аймагына кулап түшүп, эккологияга оор зыян алып келген. Кыргызстандын президенти кетип бара жаткан учак менен кагылышып кете турган жагдайлар да түзүлгөн. Коопсуздук органдары бул базага террористтик акт уюштургусу келген бир нече экстремисттик топторду кармаган. Башкысы АКШ Ооганстанда тартип орнотуп жатам деген шылтоо менен, күчтүү радиоэлектрондук чалгындоолору менен бир гана ЖККУ гана эмес кошуна Кытайдын Куралдуу күчтөрүнүн кыймылына да көз салып турган.

Кыргызстандагы америкалык база чыгып кеткен, бирок акыркы мезгилде Казакстан Каспийден аларга базага жер бере турганы тууралуу Москва менен кеңешпей туруп жар салган. Өзбекстандын лидери АКШ менен өнөктөштүктү өркүндөтүү боюнча келишимдерди активдүү түзө баштаган. Бирок алардын бири ишке ашкан эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости