www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ширшовдун электр боюнча «капиталисттик» схемалары

Электр энергиясынын тарифтерин сактап калуу үчүн жаңы ГЭСтерди жок дегенде мини ГЭСтерди курууга камылга көрө башташ керек. Бул боюнча «муз ордунан жылып» мини ГЭСти куруу боюнча демилгелер колго алына баштады. Ширшовдун электр боюнча «капиталисттик» схемалары жашап жатса да, 2005-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстандын экономикасынын оор кырдаалдарына карабай Камбар-Ата ГЭСи курула баштаган. Бишкек ТЭЦин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн эки долбоор каралып жаткан, бири 150 миллион долларга, экинчиси ТВЕА ишканасы 200 миллион долларга. Токтогул ГЭСинен Өзбекстан менен Казакстанды аралабай чет мамлекеттерден өз алдынча болуу үчүн «Датка-Кемин» долбоору жактырылып, ишке кирүү стадиясында турган, светтин тарифи 1 тыйындан 140 сомго чейин көтөрүлгөн убак болгон. 1990-жылдан 2005-жылга чейин 15 жыл, эч бир ГЭС курулган эмес. ГЭСтерди, ТЭЦти менчиктештирүү боюнча бийлик тараптан катуу аракеттер болуп, акыры эл бийликти кетирүүгө мажбур болгон. Гиперинфляциядан улам электрге болгон нарк 1 квтка 1 тыйындан көтөрүлүп отуруп 140 сомго чыккан. Улуттук валюта киргизилип акчанын наркы 200 эсе түшүп, 1 квтка 70 тыйындан айланган. 1 тыйындан 14 000 тыйынга (140 сом) көтөрүлүү менен элдин эң таянган өзүбүздөн чыккан электри кол жеткиз товарга айланган.

Союз убагында светтин тарифине «коммунизм» болчу, 1961-жылдан баштап СССР тараганга чейин доор, отуз жылга чейинки убакыт. Кыргызстан киши башына электр берүү боюнча, бир гана СССРде эмес, дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан. Токтогул, Шамалды-Сай, Күрп-Сай, Үч-Коргон, Таш-Көмүр, Быстровка жана башка көптөгөн ГЭСтер, Бишкек ТЭЦ-1 курулган. ТЭЦ-2 курулуп бүтүп калган. Электрге болгон нарк 1 квт саатка эң төмөн 1 тыйындан болгон. Ал эми мугалим сыяктуу кээ бир бюджеттик кызматкерлер бекер пайдаланган. Раззаков Исхак 1950-жылдан 1961-жылга чейин 11-жыл Кыргызстан компартиясын жетектеген. Раззаков жетектеп жаткан учурда Аламүдүн, Лебединовка, Пржевальск ГЭСтери курулган. Ильич шамын көрбөгөн көп айыл-кыштактарды электрлештирген.

Ленин учурунда жазыптыр: «Коммунизм - бул совет мамлекетин плюс электрлештирүү» -деп. Атамбаевдин убагында коммунизмди болсо ортомчу фирмалар гана ойлоп калган. ГЭС салуу боюнча ойлор болуп, 2011-жылдан 2017-жылга чейин Жогорку Нарын каскаддарына ГЭС курам деп 38 млн доллар Орусиядан алынып жок болуп, мамлекет төлөмөр болду. Андан соң чехтердин аферист «Лигласс» фирмасы менен келишимдер түзүлүп, эл араң токтотуп калды. Ошол бойдон ГЭС курулган жок. 70 тыйынга түшүрүлгөн электр 2 сом 16 тыйынга көтөрүлгөн. Турдубаев министр кезинде өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 20-ноябрында «Электрэнергиясынын 2014-2017-жылдардагы тарифи жөнүндө» № 660 Токтомго кол койот. Бул Токтомдун негизинде Жылуулук –энергетика комплексинде Мамлекеттик агентчилик (ГАРТЭК) түзүлөт. Казакстандан 1 квт/ саат электрэнергияны 5 сом 61 тыйындан импорттоп алып жатабыз дешип, электрге болгон тарифти көтөрүшүп, 700 квт/ сааттан өткөн ар бир квт/ саат электрэнергиясынын наркын 300 пайызка көтөрөт, электрэнергиянын баасы 2 сом 16 тыйын болуп калат.Ушунун айынан 2014-2015-жылы гана калк 2 млрд. 200 млн сом ашыкча акча төлөшкөн, андан кийинки жылдарды эсептебей эле койолу. 2016-жылдын январынан баштап Казакстандан 1 квт/саат да электрэнергияны алышкан эмес, бирок электрэнергияга болгон баа төмөндөгөн эмес.

ТЭЦти капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн ТВЕА ишканасына 386 миллион доллар алып келинип Кытайга карыз болдук. ТЭЦтин экс-директору Нурлан Өмүркул уулунун билдиргенине караганда ТЭЦти ремонт кылууга 250-260 млн доллар эле жетмек, калганы ашыкча дейт. Соттолгон министр Кубанычбек Турдубаев 2015-жылы гана ТЭЦке жабдыктарды сатып алуу үчүн 200 млн доллар кетирет. Документтер боюнча аттиштер -620 долларга, 30 килограммдык өрт өчүргүчтөр -1600 долларга сатып алынат. №4 казан (котел) 20,7 млн доллар болсо, консультанттардын жардамы 5,9 млн доллар, жетекчилерге кеткен чыгым 14,4 млн доллар болгон. Унаага кеткен чыгымдарга 9,3 млн доллар, долбоор түзүүгө– 11,9 млн доллар, ошолорду окутуш үчүн гана - 845 миң доллар коротулган. Курулушту убактылуу электр жана суу менен камсыз кылыш үчүн 453 миң доллар кеткен. ГЭС курулса мамлекетке жакшы болмок

Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров Мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында Президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты. Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн Президент кабыл алган.

“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов издөөдө экенине карабастан, Кыргызстанга кенен кирип-чыгып жүргөнү жана кылмышка шектүү катары кармалган күнү эле кайра бошотулганы Кыргызстандагы коррупциялык схемаларга каршы күрөшүү саясатына көө жапты. Бул, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев билдирген. Ал Интерполдун жана Кыргызстандын күч органдарынын издөөсүндө жүргөн Ширшов соңку бир жылда Кыргызстанга канча жолу кирип-чыкканы, эмне үчүн суракка чакырылбаганы тууралуу депутаттык суроо-талабын Чек ара кызматына 28-апрелде жөнөткөнүн, алииче жооп ала электигин, маалыматты жашырып, “көрүнгөн кишини ортого салып жатышканын” айтты.

“Ширшов деген фамилия коррупциялык схема деген сөздүн синоними. Энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын түзүүчүсү кечээ жарым суткага кармалып, кайра кое берилди. Эмне, коррупцияга каршы күрөш ушубу Кыргызстанда? Ширшовдун схемалары кайрадан иштей баштадыбы? Эмне үчүн ушундай маселелерде мамлекеттик бийлик, күч органдарынын жетекчилери катуу туруп, элдин суроо-талабын укпайт?", - деди Акаев.

“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирген. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө “Аврора Плюс” эс алуу борборунун аймагындагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз жол менен чыгарып алуу фактысына байланыштуу кылмыш иши тергелип жатат жана анын алкагында бизнес өкүлдөрүнүн айрым мамлекеттик жана сот органдарынын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып кылмыш жасаганы белгилүү болду.

УКМК билдиргендей, Ысык-Көл райондук жана облустук, Бишкектин жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын район аралык, Жогорку соттордун жана президенттин Иш башкармалыгынын, Мамлекеттик мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема түзүлүп, кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттеж жеке структуралардын карамагына өткөрүлгөн.

Атайын кызмат буга чейин кармалгандардан тышкары бул иште негизги уюштуруучулардын бири Алексей Ширшов болгонун, бул топ мамлекеттик жана сот органдарындагы жогорку деңгээлдеги кызмат адамдарына акча жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде «Аврора Плюстун» мүлкүнөн берип, алардын калкалоосуна ээ болгону тууралуу далилдер аныкталганын маалымдады.

УКМК бул коррупциялык схема аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин белгилеп, чогултулган далилдердин негизинде Алексей Ширшов Жазык кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин, анын бөгөт чарасын сот аныктай турганын билдирди.

Бул иш боюнча тергөө уланып жатканы, башка да адамдардын ишине юридикалык баа берилери жана мамлектке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында тийиштүү чара көрүлөрү белгилүү болду. УКМКнын соңку билдирүүсү боюнча Ширшовдун жактоочулары же тарапкерлери азырынча комментарий бере элек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости