www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2009-жылдан бери ыкчам каттоодо турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, К.Асанбектин (К.Көлбаев) тарапташы, мурда А.Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон – «Р.К.Р.» (каймана аты «Кеша») кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Р.К.Р.» 2016-жылы тыюу салынган баңги заттарын саткандыгы үчүн 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген. Жазасынын жарымын өтөгөндөн кийин, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз берип, Токтогул райондук соту аны канааттандырган. 2022-жылдын 18-октябрынан 2025-жылдын 13-мартына чейин пробациялык көзөмөлдө болгон. 

Пробациялык көзөмөлдө жүргөн мезгилде, 2024-жылдын декабрь айында «Р.К.Р.» көзөмөл шарттарын одоно бузуп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын Казакстан Республикасын көздөй «брод» деп аталган тилке аркылуу системалуу түрдө мыйзамсыз кесип өтүп жүргөн.

2025-жылдын 2-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында тыюу салынган заттарды ташып кирүү жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу максатында «Р.К.Р.» КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

УКМК кылмыштын баардык жагдайларын жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чараларды улантууда. 

Последние новости