www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык объекттерди курууда акча уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Тактап айтканда, УКМК мектептерди курууда бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү жана пайдалануу иштеринин жүрүшүндө коррупциялык схеманын болгондугуна байланыштуу кылмыш ишин тергеп жатат.

«Мектептердин жетишсиздиги көп жылдан бери актуалдуу көйгөй болуп келгенине карабастан, жетекчилер өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө атайлап коркунуч келтирип, билим алуу мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук кылышкан. Бишкек шаарынын вице-мэри У.А.С. Өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп турганда, жеке компаниянын кызыкчылыгын коргоп, коррупциялык схема уюштурган.

Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо У.А.С. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, «Г.П.С.» ЖЧКсынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогону аныкталды.

Такталган маалымат боюнча, тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш нормалары бузулуп, натыйжада объектти жасалма ишке киргизүү жүргүзүлгөн. Анын кесепетинен мамлекеттик бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилген. Тактап айтканда, мектептин жер төлөөсү, ашкана, спорт залы бүтпөй, имараттын фасады толук жабдылган эмес, айланасы жашылдандырылган эмес, коопсуздук системасы, электр менен камсыздоо иштери бүткөрүлгөн эмес.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын вице-мэри У.А.С., «Г.П.С.» ЖЧКсынын башкы директору Т.Г.Т. жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы А.Э.Ж. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ушундай эле текшерүү иш-чаралары мамлекеттин бюджетинен, гранттардын жана донорлордун каражаттарынын эсебинен курулган бардык мектептерге карата жүргүзүлүүдө», - деп айтылат УКМКнын маалыматында. У.А.С. деген инициалга Бишкек шаарынын вице-мэри Узаков Азат Сапарбаевичтин атыжөнү туура келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости