www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусундагы мурдагы аткаминер жана ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Комитеттин расмий маалыматы боюнча, облустун капиталдык курулуш башкармалыгы 2016-жылы Ак-Суу районунун Совет айылында 150 орундуу спорт залы менен кошо мектеп куруу үчүн 59 млн сомдук тендер жарыялаган. Сынактын жыйынтыгында «Д.Л.» курулуш компаниясы жеңүүчү деп табылып, келишимдин шарттарына ылайык 2023-жылдын ноябрь айына чейин курулуш иштерин бүтүрүүгө милдеттендирилген.
Курулуш компаниясы 48 млн сом алып (35,2 млн сом өздөштүрүлгөн), бирок бүгүнкү күнгө чейин курулуш иштерин бүтүрө элек.
Бул факт боюнча Ысык-Көл облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы директору У.С. жана курулуш фирманын башкы директору Х.А. кармалды.
«У.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, подряддык уюмдун директору Х.А. менен сүйлөшүп алып, подряддык уюмдун пайдасына 12,8 млн сомдон ашык калган сумманы мыйзамсыз которгон», деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр убактылуу камакка алынып жүрүп жатат.