www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Улуттук госпиталдын тез жардам бөлүмүнүн дарыгерине кол салуу болду. Бул тууралуу медицина кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасова социалдык тармактарга жазды.
Видеодо окуянын күбөлөрү кол салган адам укук коргоо органынын кызматкери экенин айтышууда.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы факт боюнча каттоо жүргүзүлүп, тиешелүү иштер башталганын, териштирүүнүн жыйынтыгында кошумча маалымат бериле турганын айтты.
Бул окуядан соң саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев фейсбук баракчасына билдирүү жазып, ИИМ менен УКМК башчысына кайрылуу жолдогон.
«Врачтарга карата мыйзамсыздык болуп жатат! Врачка кол салган бул адам жазасын алыш керек. Бул эмитен эле башкаларга өтө жаман үлгү болуп, дарыгерлерди сабаган адамдар жазасыз калып жатышат. Эгерде биз ар-намысты жана абийирди коргобосок, эң негизгиси медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылбасак, анда медиктерди жоготобуз. Мен ички иштер министрине, УКМКнын төрагасына кайрылам. Дарыгерге кол салган күнөөлүү адамды мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл. Биз бейтапты коштоп жүргөндөргө, саламаттыкты сактоо мекемелеринин медициналык бөлүмдөрүнө кирүүгө тыюу салабыз. Алар бейтапты алып келишти — дарыгерлерге өткөрүп беришти — көчөдө отуруп жыйынтыкты күтүшөт. Оорукананын ичине киришпейт»,-деп жазды министр.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте Улуттук госпиталдын ординатору менен бейтаптын жакындарынын ортосундагы чыр катталып, талкууга түшкөн. Ординатор бейтаптын жакындары сабаганын, мээси чайкалып ооруканада жатканын билдирсе, экинчи тарап аны орой мамиле кылып, тилдеди деп милицияга кайрылган.