www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Жанар Акаевге психологиялык басым көрсөтүп жатабы?

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевге карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу сурак берип чыкты.

Бул тууралуу депутат 13-апрелде журналист Али Токтакунов менен интервьюсунда билдирди.

«Эч жакка айта элек элем. 15 күн мурда дагы УКМКга күбө катары суракка чакырышты. Мен суракка бардым. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу деп кол коюп бердим. Абдил Сегизбаевдин иши боюнча. «Ушуга көрсөтмө бересизби, убагында ушинттиңиз эле» дешти.

Бирок суракка чакыруунун ар кандай себеби бар. Мен Сегизбаев менен иштебесем, аны менен байланышым жок болсо... УКМКга чакырып, бизди суракка алуунун өзү - психологиялык басымдын бир түрү. Экинчиден, суракка кирип баратканда телефонуңду алып коюшат. Биз кирип кеткенден кийин телефондон көчүрүп алышат. Көп саясатчылар менен сүйлөшсөм, сурактын себебин ошону менен байланыштырышты.

Башка эле маселе менен суракка чакырып, телефонду калтырып киресиң. Бирок маселенин баары телефондо деп айткандар болду. Атайын адистер бар, телефондун сыр сөзүн ача албайт, бирок программаларын көчүрүп, ким менен эмне тууралуу сүйлөшүп жатканыңды карап турган. Ошол себептүү биз сүйлөшүп, жазышканда да абайлаганга аракет кылабыз», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости