www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-апрель күнү Бишкектеги 3-кичирайондогу оюн аянтчасында кароосуз жүргөн эки жашар баланын энеси табылды.

Милиция баланын ата-энесин издеп, сүрөтүн соцтармактарга жарыялаган соң, 13-апрелде «баланын энесимин» деп 22 жаштагы М. С. аттуу аял кайрылган.

Келин Беловодскиде жашай турганын, Бишкекке туугандарыныкына келгенин, ал жактан чыккандан кийин адашып калып, баласын жоготуп алганын билдирген.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, аял бөлүмгө баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып келген.

Маалыматтарга ылайык, бала учурда шаардагы үй-бүлөнү жана баланы реабилитациялоо борборунда. Ал жердеги тарбиячылар баланы энеси 12-апрелде күндүз алып келгенин, турмушундагы кыйынчылыктан улам төрт жаштагы кызы экөөнү калтырууга мажбур экенин айтканын билдиришкен. Тарбиячылардын маалыматына ылайык, балдардын документтери болгон эмес. Алар аялга балдарды ымыркайлар үйүнө калтыруу үчүн тиешелүү кагаздарды чогултуу зарыл экенин түшүндүргөн соң, келин балдарын алып кеткен.

Эми келин баласын кайтарып алуу үчүн мыйзамда белгиленген документтерди чогултууга тийиш.

Өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматына ылайык, ушу тапта Кыргызстанда 12 миңден ашык бала балдар үйлөрүндө жана интернат тибиндеги мекемелерде тарбияланат. Майыптыгы бар 30 миң баланын көпчүлүгүнүн билим алуу укугу сакталган эмес.

Өлкө боюнча 2 миллиондон ашык деп эсептелген жеткинчектердин 30% жакыны ден соолугуна зыян келтире турган оор жумуштарда иштейт.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын калкынын 47% балдар түзөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости