www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев тараткан маалымат чындыкка туура келбей турганын билдирди. Ал «Азаттыкка» Зилалиев тергөөгө көмөктөшүүгө макул болбой жатканын айтты.

- Учурда Зилалиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Бирок Зилалиев өзү кандайдыр бир көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Зилалиев буга чейин да ушул сыяктуу билдирүүлөрдү коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруу максатында жасап келген. Ошол себептен УКМК анын кезектеги билдирүүсүн сот жана кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында бул маселени саясий өңүткө буруу аракети катары баалайт, - деди Рахат Сулайманов.

Буга чейин Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев билдирүү таратып, андан УКМКнын кызматкерлери экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү суранганын адвокаттары аркылуу билдирген. 

УКМК 2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

2018-жылы 11-декабрда УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге таандык экени сөз болгон акча тууралуу видео тасманы тараткан. Анда банк кызматкерлери уячадан таңгакталган акча алып чыгып, санап жатканы көрсөтүлгөн.

Булак: Азаттык 

Последние новости