www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошентип УКМКны 2015-жыддан бери жетектеп келген Абдил Сегизбаев кызматтан алынды. Жээнбековдун аны кызматтан алуу боюнча чечимине эл ыраазы эле болуп калды. Эми анын ордуна келе турган адамдар тандалып жатканы маалым. Айрым маалыматтарда УКМКнын жаңы "кожосу" болуп Асылбек Кожобеков келет дешүүдө.
Бул адам 47 жашта. Кара-Балта шаарында туулган.
1992-жылы Луганск шаарындагы жогорку авиациялык окуу жайды,
1994-жылы Казакстандагы улуттук коопсуздук боюнча жогорку курсту бүтүргөн.
2002-жылы Кыргыз-Славян университетинде юридика тармагы боюнча билимге ээ болуп чыккан.
1993-жылдан 2010-жыл-га чейин (болгону ортодо эки жыл башка кызматта иштеген) УКМКда эмгектенген. 2010-2013-жылдаррдын аралыгында Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп турган.
Ал кызматтан бошогондон соң,
2017-жылга чейин кайрадан УКМКда иштеген. Дагы бир талапкер катары жакында эле мурунку орун басар Болот Сүйүмбаевдин ордуна дайындалган Кадыркулов дагы айтылууда. Ал буга чейин Ош облустук
УКМКнын башкармалыгын башкарып келген. Кимиси келсе да, мамлекет үчүн иштей турган мекенчил, таза инсан келсе экен.
Булак: Багыт