www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райымбек Матраимов күбө катары Улуттук коопсуздук кызматына чакыртылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда УКМКнын пресс-кызматы маалымат таратты. Ал эми айрым басылмалар Матраимовдун учурда аталган мекемеде экенин жазышууда.

Пресс-кызмат тараткан маалыматка ылайык, күбө катары чакырылган Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимов "Азаттыкка" жарыяланган журналисттик иликтөөдөгү бардык жагдайлар боюнча суралат.

Ошондой эле, аталган ведомство учурда маркум Айеркен Саимаитиге ал өлгөнгө чейин кандай, кимдер тарабынан коркутуулар болгонун, дегеле анын айланасындагы окуялар боюнча ар тараптуу иликтөө-териштирүү иштери болуп жатканын кошумчалайт.

Эскерте кетсек, “Азаттык” радиосунун бир эмес, эки ирет иликтөө жарыялап, анда Кыргызстандан миллиондор сыртка чыгарылып кеткени, ага Айеркен Саимаити, Матраимовдордун тиешеси бар болушу мүмкүндүгү айтылган. Бул иликтөөдөн кийин коомчулукта чоң талкуу жаралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости