www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын поп жылдызы Мадонна ден соолугун начарлаганына байланыштуу Madame X турунун алкагындагы үч концертин токтотуп койду. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты. 

61 жаштагы ырчы 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бостондо үч жолу концерт өткөрмөк. Ал өз кайрылуусунда “чыдагыс оорудан” улам концертти токтотууга аргасыз экенин билдирген. 

“Мен ушундай күтүлбөгөн жерден концертти токтотуп койгонума кечирим сурайм. Аны токтотуп коюу мен үчүн жаза, бирок мен азыр сезип жаткан оору чыдагыс болуп жатат. Мен эс алышым керек жана дарыгерлер айтканын жасашым керек”,- деп ал баракчасына жазган. 

Ырчы  кандай оору менен жабыркап жатканын айткан эмес, бирок ага чейин Сан-Францискодогу фанаттарына тизесинин оорусунан жабыркап жатканын айткан. 

Мадоннанын расмий сайты Бостондогу концертти токтотуу тууралуу маалыматты тастыктап, билеттердин акчасы көрүүчүлөргө кайтарылып берилерин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости