www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта белгисиз жаран мурдагы президент Курманбек Бакиевдин сүрөтүн коюп «экс-президент каза болду» деген маалымат тараткан. Учурда бул маалымат талкууга түштү.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова, «Бирөөнүн өлүмүн тилеп, тирүү адамдын сүрөтүн кара лента менен байлап чыгарганча өзүңөргө өмүр тилегилечи! Курманбек Бакиев Кудайга шүгүр, тирүү алты саны аман, акыл-эси жайында бирөөгө оордугу тийбей жашап жаткандыгын бүткүл коомчулук билет. Кудайдын жазасынан корккула! Кудайдын буйругу менен кайтаар дүйнө болуп өз башыңарга келип калат. Ушундай маалыматты тараткан адам кечээ эле түрмөгө кирип кетти. Кимге канча өмүр берет бир жараткандын өзү билет, жакшылыктын жарчысы болгонду ар бириңерге каалаймын!-деди. Бирок, адамдардын пейили, оюу бузулду.Жамандыкты эле издемей. Бирөөнү жамандап бирөө сөз таштаса, кара чымындай жармашып, аарынын уюгу болуп, ызылдап, тепкилеп эле жатып калышат. Жакшы ниет кылып, бири-бириңдин жакшылыгыңды айтып үйрөнгүлөчү? Заман жакшы эле. Биз адамдар өзүбүздү оңдойлу. Ушул кантип болсун, кимге Кудай канча өмүр берет жараткан өзү билет. Пейилиңерди, ниетиңерди түздөгүлө! Жашоо, ниетке жараша өнүгөт. Кара ниеттикти жасагандар, ниетиңер өзүңөргө жолдош болсун. Курманбек Бакиевдин 100 жылдыгын Кыргызстанда белгилеп калышын буйруп насип кылсын. Буюрса өмүрү узун болот. Кара ниеттердин ниеттери өзүнө жолдош болсун. Ак ийилет, бирок сынбайт, канчалык көө жабылбасын, турмуш өзү акырындап далилдеп жатат, тарых деген ыйык нерсе. Мезгили келип, бардык нерсе ордуна түшөт. Тарых тастыктайт. Убакыт тараза! Кудайдын таразасы адашпайт буюрса, ар бириңерге ыйман, ынсап тилеймин!», - деди.

Ага кошумча белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулова, «Суук кабар: Бакиевди өлдү деп маалымат чыгарган жигит кокусунан эле жараткандын алдында кетиптир деп уктум» деп социалдык тармагына жазып чыккан.

Белгилүү профессор, Каныбек Осмоналиев «Адамдык сапатын жоготуп коюшту го, кээ бир макулуктар!», деген пикирин калтырган.

Ал эми Минск тарап "Мындай ачуу билдирүү албетте оор тийет. Ким же кандай гана адам болбосун, Кудай ага ыйман-ынсап, өмүр берсин", деп билдирди. 

Эске сала кетсек, мурдагы президент Курманбек Бакиев быйыл 70 жашка чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости