www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-октябрда парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков УКМКда суракка алынды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Маалым болгондой, сурак 6-октябрдагы башаламандыкка байланыштуу болду.

“Алар бир нече суроолорду берип, коё беришти” – деп жазды ал.

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү экс-президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков түрмөдөн бошотулган. Мындан тышкары, ошол эле түнү парламент депутаттары тарабынан жактырылган премьер-министр Садыр Жапаров абактан бошотулган.

Кечээ, 10-октябрда Атамбаев кармалып, абакка киргизилген. Ага башаламандыктарды уюштурган деген айып тагылууда. Фарид Ниязов жана Темирлан Султанбеков убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды. Мурунку президенттин уулдары суракка алынып, үй камагына бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости