www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын 3 кызматкери кармалды

УКМК жетекчилиги системаны тазалоо, ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатуунун жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн алкагында кадрдык курамды активдүү тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул чаралар ар кандай кыянаттык көрүнүштөргө жол бербеген, натыйжалуу жана ачык түзүмдү калыптандырууга, ошондой эле бизнес менен коомдун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Аталган кампания коррупциялык көрүнүштөргө жана бизнесте мыйзамсыз басым көрсөтүүгө катышы бар кызматкерлерди аныктап, кызматтан четтетүүгө багытталган.

УКМКнын, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын ичиндеги системалуу коррупцияны азайтуу жана туруктуу коррупциялык механизмдерди жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында КР УКМКнын кызматкерлеринин, башка кызмат адамдарынын жана үчүнчү жактардын катышуусундагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик комитеттин учурдагы кызматкерлери тарабынан ишкердик субъектилерден системалуу түрдө акча опузалоо фактысы аныкталды.

Мындан улам, кылмыш ишинин алкагында 2026-жылдын 9-апрелинде КР УКМКнын учурдагы кызматкерлери А.К., А.А.Б. жана К.Д.К. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Мындан тышкары, ишкердик субъекттерин текшерүү иштерин жүргүзгөн мамлекеттик органдардын кызматкерлери — С.У.Ж., О.Г.И. жана К.У.Н. да кармалып, мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар экени такталды.

Негизги басым абийирсиз кызматкерлерди катардан тазалоого жасалууда. Мурда мыйзам бузуулар үчүн кызматтан бошотулган адамдарды кайрадан укук коргоо органдарына кызматка кабыл алууга тыюу салууну караган чаралар да каралууда.

 УКМК улуттук коопсуздук органдарынын аброюна жана беделине шек келтирген кызматкерлердин аракеттерин аныктоого, бөгөт коюуга жана жоопкерчиликке тартууга багытталган максаттуу иштерди системалуу жана туруктуу негизде жүргүзүп келет.

Последние новости