www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-апрелде жеке ишкер Р.Ч. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын жеке кабыл алуусунда болуп, кыйноого кабылганын айтып, укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.

Арыз ээсинин айтымында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үстүбүздөгү жылдын февраль айында ага каршы кылмыш ишин козгогон. Р.Ч. УКМКнын имаратында сурак учурунда 9 кызматкер аны ур-токмокко алып, кабыргасы сынганына даттанган. 

Ишкер коопсуздук кызматынын кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен Аскер прокуратурасына кайрылган. Бирок прокуратура анын саламаттыгына келтирилген залал боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жоктугуна шилтеп, иш козгоодон баш тартканын айтты. 

Акыйкатчыдан укугун коргоо менен бирге тергөө органдары алган жеке буюмдарын, анын ичинде автоунаасы жана паспорту кайтарып алууга көмөк сураган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана эл аралык нормалар боюнча эч ким кыйноого жана адамкерчиликсиз мамилеге дуушар болбошу керек экенин эскертет.

Акыйкатчы Институту Башкы прокуратурадан ишкердин арызы боюнча буга чейин кабыл алынган чечимди кайра карап чыгуу сунушу менен кат жөнөттү. 

Башкы прокуратура 2026-жылдын 18-майында Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (“Дене-бойго зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен бийликтен аша чабуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын маалымдады.

Последние новости